Ички аудит Башкармалыгы

Ички аудит Башкармалыгы

"Керемет Банк" ААКсынын Ички аудит Башкармалыгы банк түзүлгөн биринчи күндөн тартып иш алып барып  келет, Директорлор кеңешине отчеттуу көзкарандысыз түзүмдүк бөлүм болуп саналат. Башкармалыктын негизги ишкердигинен болуп, Аудит боюнча комитетке (комитет менен баракчага өтүү) жана Директорлор кеңешине банктын ички контролдук тутумунун жетиштүүлүгүн (шайкештигин) жана натыйжалуулугун баалоо боюнча көзкарандысыз жана объективдүү маалыматтарды берүү жана башкаруу органдарына, банктын натыйжалуу жана коопсуз иш алып баруусун камсыздоосунда көмөк көрсөтүү саналат.

Ички аудит Башкармалыгынын начальниги - Шалтагулов Нурлан Каныбекович 

Банк секторунда 26 жылдык иш тажрыйбага ээ. 1995-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун аяктагандан кийин өз иш жолун Банк секторунда, атап айтканда,  «Кыргызпромстройбанк» филиалында  эмгектенүүдөн баштаган.

Н.К. Шалтагулов 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктагандан кийин 2000-2002-жылдар аралыгында «Кыргызавтобанктын» Токмок филиалында башкы бухгалтер, андан соң КСФК Ош филиалында бухгалтер-финансист болуп эмгектенип, 2006-жылы КСФКнын Башкы кеңсесине – Операциялык башкармалыкка которулган.

2008-жылдан тартып 2013-жылга чейин КРнын бир нече банктарында иштеген. 2013-жылдан тартып Ички аудит кызматына өтүп, «Акылинвестбанкта» ички аудитор, 2013-2014-жылдары «Айылбанк» ААКда Ички аудит бөлүмүнүн начальниги, ал эми 2014-жылдан тартып 2022-жылга чейин «Дос-Кредобанк» ААКда Ички аудит кызматынын начальниги, 2022-2023-ж.ж. «РСК Банк» ААКнын Ички аудит башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп эмгектенген.

Н. Шалтагулов 2023-жылдын сентябрь айынан тартып «Керемет Банк» ААКнын Ички аудит башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган.

Эл аралык финансылык отчёттуулук боюнча, Эл аралык аудит стандарттары боюнча, Банк иштериндеги жана каржылоодогу ислам принциптери боюнча, ошондой эле AAOIFI стандарттары боюнча сертфикаттарга ээ.

Тел.: +996 (312) 55 44 44 (кошумча. 2031)

Эл. почта: nshaltagulov@keremetbank.kg

close