Google Authenticator менен иштөө боюнча нускама

Google Authenticator менен иштөө боюнча нускама

Google Authenticator менен иштөө боюнча нускама:

  1. Play Market же  App Store аркылуу Google Authenticator-ду өзүңүздүн мобилдүү жабдууга жүктөп алыңыз;
  2. Интернет-банкинг кызматы жөнүндө келишим түзүүдө банктан алынган  QR кодду Google Authenticator жардамы менен скан аркылуу өткөрүңүз. Эгер баары ийгиликтүү болсо, анда мобилдүү жабдыктын экранында бир жолку OTP-пароль болот (англ. "one time password"). Ал код Google Authenticator генерацияланат жана бир гана жолу аутентификациялоо күчүнө ээ, себеби белгилүү бир убакыт аралыгы менен чектелген; 
  3. Интернет-банкингге кирүү үчүн баракчаны же смартфондо орнотулган Кереметбанктын мобилдүү тиркемесин ачыңыз; 
  4. Банктан алынган логин менен паролду тийиштүү жерге жазыңыз; 
  5. Логин менен пароль жазылгандан кийин OTP-кодду киргизүү бети ачылат. Coogle Authenticator-до генерацияланган OTP-паролун жазыңыз;
  6. Кирүүнү басыңыз;
  7. Банктын офистерине баруусуз эле жеке кабинетиңизге кирип иштей бериңиз.

Google Authenticator-ду башка мобилдүү жабдыкка которуу:

  1. Google Authenticatorду башка мобилдүү жабдыкка которуңуз;
  2. Мурдатан банктан алынган QR-кодду Google Authenticator жардамы менен ачыңыз. Эгер QR-кодду жоготуп жиберсеңиз, жаңы QR-код алуу үчүн өзүңүздү тейлеген филиалга кайрылууңуз зарыл.

Google Authenticator-ду башка убакыт тилкесинде пайдаланууда убакытты синхрондоо

Android үчүн:

  1. Google Authenticator-го кирип, жогорку оң бурчунда үч чекитти басыңыз;
  2. Жөндөгүч бөлүмүнө кириңиз;
  3. Коддор үчүн убакытты тууралоону тандаңыз*;
  4. Синхрондоштурууну тандаңыз.

iOS үчүн:

  1. Google Authenticator-дун Жөндөө бөлүмүнө киригиңиз;
  2. Негизги бөлүмүнө, андан соң Күнү жана убактысы жөндөгүчүнө кириңиз;
  3. Күнү жана убактысы жөндөгүчүндө Автоматтык жөндөгүчүн өчүрүп кайра иштетиңиз;
  4. Андан соң Google Authenticator-до синхрондоштуруу үчүн коду бар талаачаны төмөн тартыңыз;
  5. 30 секундадан кийин Кереметбанктын Интернет-банкингине же мобилдүү тиркемесине OTP-кодун кайра колдонуп көрүңүз.

Кененирээк кеңеш алуу үчүн +996 (312) 55 44 44 телефону аркылуу банктын Байланыш борборуна кайрылсаңыз болот.

close