Тобокелдиктерди тескөө тутуму

Тобокелдиктерди тескөө тутуму

"Керемет Банк" ААКсындагы тобокелдиктерди тескөө тутуму - кабыл алынган бизнес стратегияга ылайык, банктын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган банктын жалпы корпоративдик башкаруу тутумунун бөлүгү болуп саналат. Натыйжалуу корпоративдик башкаруу – бул, банктын жана бүтүндөй алганда, банк тутумунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун эң маанилүү шарттарынын бири. Ушул максаттар үчүн банкта Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитет.

Тобокелдиктерди тескөөнүн максаттары жана милдеттери, ошондой эле жоготууларды алдын алуу жана минималдаштыруу боюнча өз ара катыштагы максаттар жана чаралар (банктык иштин жүрүшүндө тобокелдиктерге дуушар этүүнүн натыйжасында "Керемет Банк" ААКсына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон), жыл сайын банктын Директорлор кеңеши тарабынан каралып, бекитилген Тобокелдикти тескөө боюнча саясатта аныкталган.

Тобокелдерди тескөө тутуму – бул, өзүнө төрт негизги элементти камтыган жүрүм: тобокелдиктерди аныктоо, тобокелдиктерди өлчөө, тобокелдиктерди контролдоо жана тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү. Тобокелдиктерди өлчөө же тобокелдиктерге баа берүү банктык тобокелдиктер картасын түзүү аркылуу ишке ашырылат, ал жүрүм "Керемет Банк" ААКсынын Тобокелдиктер картасы жөнүндө жобо менен жөнгө салынган.

 Тобокелдиктерди тескөө банктын бардык деңгээлдеринде ар тараптуу жана бир эле мезгилде жүзөгө ашырылат, анын ичинде:

  • Директорлор кеңешинин жана Башкармалыктын иш-милдеттерин камтыган стратегиялык деңгээл: тобокелдиктерди аныктоо, банк үчүн алгылыктуу болгон тобокелдиктердин деңгээлин белгилөө, стратегияны, тобокелдиктерди тескөө жүрүмдөрүн аныктоо жана контролдоонун акылга сыярлык тутумун түзүү;
  • банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функцияларын, орто курамдагы жетекчилердин жана тобокелдиктер бандамасы менен байланыштуу болгон функционалдык бөлүмдөрдүн тобокелдикти тескөө боюнча ишкердигин камтыган макро деңгээл;
  • банктын атынан тобокелдик кабыл алган адамдардын/жумушчулардын иш-аракеттерин камтыган, операциялык жүрүмдөрдүн, ички контролдук жүрүмдөрүнүн жана банктын жетекчилиги тарабынан белгиленген башка көрсөтмөлөрдү сактоо менен чектелген микро деңгээл.

Бүтүндөй Банктын масштабында тобокелдиктерди кароого алуу жана баалоо үчүн, күн сайын банктык тобокелдиктерди аныктоону, өлчөөнү, мониторингдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашырган көзкарандысыз Тобокел-менеджменти Башкармылагы иш алып барат. Тобокелдиктерди тескөөгө тобокелдиктердин тигил же бул түрлөрүн кураторлукка алган аткаруу органдары жана/же түзүмдүк бөлүмдөр жоопкерчилик тартат. Тобокел-менеджменти башкармалыгы, кеминде, ар айлык негизде Тобокелдиктер боюнча комитетке отчет берип турат, ошондой эле ар чейректик нукта банктын Директорлор кеңешине отчет берет.

Директорлор кеңеши тарабынан Тобокелдиктерди тескөө Стратегиясы, Тобокелдиктерди тескөө Саясаты бекитилген, ал эми ар жылдык негизде, банктын тобокелдикке дуушарлануу деңгээли жана тобокелдиктер картасы дагы бекитилет.

Тобокел-менеджменти Башкармалыгы негизги тобокелдиктердин динамикасына жана белгиленген ченемдер менен чектөөлөрдүн аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүп турат. Тобокелдиктерди тескөө үчүн аналитикалык шаймандар катарында гэп-талдоо (ажырымдарды тескөө), стресс-тестирлөө (сценарийлерди моделдештирүү), экономикалык ченемдердин чектөөлөрүн жана жол берилген маанилерин белгилөө сыяктуу шаймандар сыяктуу эле, экономикалык моделдерди пайдалануу менен талдоонун жана болжолдоонун заманбап шаймандары дагы колдонулат.

Банкта олуттуу көңүл, банктын баардык түзүмдүк бөлүмдөрүн тобокелдикти тескөө жүрүмүнө тартуу, ошондой эле Директорлор кеңеши, Башкармалык жана Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитет жана банктын кызматкерлеринин ортосунда маалыматты туруктуу алмашып туруунун эсебинен тобокел-маданиятынын өнүгүүсүнө бурулуп келет. Кызматкерлер үчүн тобокелдиктерди тескөө тармагында окутуу семинарлары өткөрүлүп турат.

Азыркы учурда, Базель II сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, насыя, операциялык жана рыноктук тобокелдиктерди тескөө боюнча программалар иштеп келет. Мында "Керемет Банк" ААКсы, тобокелдиктерди тескөө тармагында эң мыкты эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына шайкеш келүүгө умтулуу менен тобокелдиктерди тескөө тутумун өркүндөтүүнү улантууда.

close