Насыя комитети

Насыя комитети

Насыя комитети – насыяларды берүүнү жактырууну жана өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарынын чегинде өзүндө насыя тобокелдигин алып жүргөн насыя шаймандарын  колдонууну кошо алганда, насыя берүү маселелери боюнча чечим кабыл алган "Керемет Банк" ААКсынын туруктуу иштеп турган коллегиалдуу органы.

Насыя комитетинин максаты – насыялоо жүрүшүн уюштурууну, насыя тобокелдигин минимизациялоону, банктын ресурстарын пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатууну камтуу менен банкта насыялоо тармагындагы бирдиктүү саясатты жүзөгө ашырууга   контролдук жана координация.

 Насыя комитетинин милдттеринен болуп төмөнкүлөр саналат:

  • "Керемет Банк" ААКсынын насыя саясатынын талаптарын жүзөгө ашыруу;
  • банктын стратегиялык максаттарына шайкеш келген экономикалык жактан келечектүү жана рентабелдүү долбоорлорду каржылоого багытталган  насыяларды берүү;
  • аны натыйжалуу пайдалануу жана карыз алуучу тарабынан кайтарылып берилишин камсыз кылган насыянын көлөмүн аныктоо;
  • тобокелдиктүү насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн минимумга жеткирүү;
  • билип туруп зыян алып келген насыя долбоорлорун берүүгө жана каржы жагынан алгылыксыз кардарлардын долбоорун каржылоону бекитүүгө жол бербөө;
  • Кыргыз Республикасынын насыялоо тармагындагы банктык мыйзамдарын сактоо.
close