Тарых

Тарых

"Керемет Банк" ААК 2010-жылдын 20-декабрында "АзияУниверсалБанк" ААКсынын негизинде "Залкар Банк" бренди менен катталган. 2019-жылдын август айында акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен "Росинбанк" ААКнын аталышы "Керемет Банк" ААК болуп өзгөртүлгөн. Сентябрь айынан тарта банк жаңы бренд менен ишин улантып, "Росинбанк" ААКнын укуктарынын, активдеринин жана милдеттенмелеринин укуктук мураскери катары элге кызмат көрсөтүүдө.

Бүгүнкү күндө "Керемет Банк"ААК өлкөнүн бардык аймактарында миңдеген корпоративдик жана чекене кардарлардык базанын кардарларына кызмат көрсөтүп келет.

Ушул убакыттын ичинде "Керемет Банк" ААК миңдеген кардарлар үчүн финансылык өнөктөш болуп, Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө активдүү салымын кошту. Алгачкы филиалдарынын ачылышынан баштап заманбап санариптик кызматтарды ишке киргизүү жолунда ар бир этап инновация жана өнүп-өсүүгө умтулуу менен белгиленди.

"Керемет Банк" ААК базар экономикасынын бардык сегменттери үчүн ар түрдүү кызматтарды көрсөтөт, кеңири аймактык тармагы жана өлкөдөгү эң өнүккөн банктык инфраструктуралардын бири менен айырмаланат.


close