Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароонун тартиби

Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароонун тартиби

УРМАТТУУ КАРДАРЛАР!

Сизди биздин кызматтарды тандап алганыңыз үчүн жана биздин Банкка ишеним артканыңыз үчүн Ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Биздин негизги баалуулугубуз – бул Сиздер, биздин Кардарлар, ошол себептен биз Сиздер менен болгон кызматташуубузду мындан дагы ыңгайлуу болушуна умтулабыз. Тейлөө сапатын дайыма жакшыртуу – бул биздин Банктын алгачкы милдети. Биздин Кардарлардын кайрылууларынын баары приоритетүү болуп саналат жана каалаган филиалда же аманат кассаларында алдын ала жазылбай жана жолугуу графигине макулдашпай туруп каралат. Эгерде Сиз Банктын жетекчиси менен жолугууну кааласаңыз, анда алдын ала кабылдаманын телефондору 0312 313173 (кошумча 2301) боюнча жазылыңыз.

«Керемет Банк» ААКнун жетекчилигинин келүүчүлөрдү кабыл алуу графиги

Ээлеген кызматы Жетекчинин аты жону Кабыл алуу убактысы
Башкармалыктын Төрагасы Бербаев Тимур Омурбекович
Дуйшөмбу 10:30-12:00
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Мукушева Дамира Асыпбековна Шаршемби 14:00-15:00
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Шапаков Кубанычбек Женишбекович Дуйшөмбу 14:00-15:00
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Султанов Руслан Раимбекович
Шаршемби 10:30-12:00

Ошондой эле Банктын иштөөсү боюнча сунуштарыңыз болсо Сиз төмөнкүлөрдү кыла аласыз:

  • 0 (312) 55 44 44 телефону боюнча Банктын Контакт-борборуна кайрылуу;
  • 0557 55 44 44 WhatsApp номерине жазуу;
  • Банктын расмий электрондук почтасына жазуу: call-center@keremetbank.kg;
  • Кыргыз Республикасы Бишкек ш. Тоголок Молдо көч. 40/4 ААК «Керемет Банк» почта дарегине кат жөнөтүү;
  •  Филиалдарда жана аманат кассаларында Даттануу жана сунуштар китебине жаза аласыздар.

Кайрылуунун түрүнө карабастан Сиз көрсөтүүңүз керек:

  • Фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • Дарек, байланыш маалыматтары (телефон, электрондук почта);
  • Толук баяндоо менен кайрылуунун маңызын жана бар болсо далилдеген документтер менен (мисалы, арыз жазган дата, эсептин/картанын номери ж.б.);
  • Жазуу түрүндө кайрылууда жеке колду жана датаны коюу керек.

Сиздин кат менен кайрылууңузду кароо жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө Сизге кайрылуу катталган күндөн баштап  отуз календардык күндөн кечиктирбей кабарлашат.

Ошондой эле чечимдин жыйынтыктарын Сиз call-center@keremetbank.kg  электрондук почтасына же 0 (312) 55 44 44 телефону боюнча ала аласыз.

ААК «Керемет Банк» керектөөчүлөрдүн кайрылууларын карап чыгуу Жол-жобосу

Керектөөчүлөрдүн укуктары:

1. Сиз ФКМ (финансы-кредиттик мекемени) жана финансылык кызмат көрсөтүүнү эркин тандай аласыз.

2. Сиз кредит келишимине же башка келишимге, макулдашууга кол коюудан баш тартууга укуктуусуз.

3. Сиз кредит келишиминин тилин тандоого укуктуусуз: мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус).

4. Сиз бардык тиркелүүчү документтери менен кредит келишиминин долбоорун колго алууга жана 1-3 күн аралыгында ФКМ чегинен тышкары кеңеш сурап кайрыла аласыз.

5. Сиз кредиттин шарттары жана баасы жөнүндө, төлөмдөр жана кредит боюнча эсептөөлөрдүн тартиби (пайыздар, туумдар, айыптар) жөнүндө, кредит келишими боюнча Сиздин укуктар жана милдеттер жөнүндө, ал боюнча тобокелдиктер, кесепеттер жана жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле Сизге түшүнүксүз болгон кредиттин шарттары тууралуу башка маселелер жөнүндө толук маалыматты жана түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуусуз.

6. Кредит келишимине кол койгондон кийин, бирок акча каражаттарын иш жүзүндө алган учурга чейин Сиз кредиттен бекер баш тартууга укуктуусуз.

Банк кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана керектөөчүлөргө консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү суроолору боюнча КРУБ Куттуктоолору

Аталышы Дареги Телефон
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

Бишкек ш., Чүй пр., 168

(0312)615278
Ош областтык башкармалыгы Ош ш., Курманжан Датка к., 119 (03222)48463
Нарын областтык башкармалыгы Нарын ш., Жамгырчы у. Абас к., 6 (03522)50472
Ысык-Көл областтык башкармалыгы Каракол ш., Токтогул к., 265 (03922)51253
Жалалабат областтык башкармалыгы Жалалабат ш., Эркиндик к., 13 (03722)23884
Талас областтык башкармалыгы Талас ш., Бердике Баатыр к., 291 (03422)52377
КРУБнын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Баткен ш., Т.Садыков к., 3 (03622)50446
close