KEREMET GREEN

KEREMET GREEN

«Туруктуу өнүктүрүү» жана «ESG-Банкинг» стандарттарын жактоо жөнүндө декларация

Биз, «Керемет Банк» ААКсы жер шаарынын, бүтүндөй өлкөнүн, шаардын жана анчалык чоң эмес айылдын тургуну курчап турган айлана-чөйрө менен жаратылышты сактоого өз салымын кошууга милдеттүү деп эсептейбиз. Биздин ар бирибиз бүгүнкү күндө болуп жаткан, мисалы глобалдык жылуулук жана айлана-чөйрөнүн булгануусу өңдүү көрүнүштөрдү токтотууга кудуреттүү.

Биз, «Керемет Банк» ААКсы «Туруктуу өнүктүрүү максаттары» жана «Биздин дүйнөнү кайрадан түзүп чыгуу: 2030-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүктүрүү тармагындагы күн тартибине» жетүү боюнча кабыл алынган милдеттерибизди белгилеп келип, ESG стандарттарын жана туруктуу өнүктүрүү максаттарын колдой тургандыгыбызды билдиребиз. Экологиялык, социалдык жана башкаруучулук өнүктүрүү биздин бизнес-стратегиябыз жана инвестициялык ишмердүүлүгүбүз үчүн маанилүү фактор болуп саналат.

Биз экологиялык таза жана социалдык жооптуу долбоорлорду өнүктүрүүгө активдүү катышабыз, ошондой эле банк ишмердүүлүгүндөгү ESG стандарттарына жана принциптерине таянабыз.

Биздин ишмердүүлүгүбүздүн ESG стандарттарына шайкеш келүүсүн баалоо үчүн биз өнөктөштөрүбүз менен кардарларыбызды өз долбоорлорубуз жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүбүздөн кабардар кылып турабыз.

Биз «Жашыл Банкинг» принциптерин өз ишмердүүлүгүбүзгө интеграциялоону улантабыз жана келечекте  ESG стандарттарына карата шайкештиктин мындан да  жогорку деңгээлине жетүүгө аракет жасайбыз.

Биз курчап турган чөйрө жана социалдык маселелер үчүн жоопкерчилик жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүбүздүн негизги бөлүгү болуп саналаарын түшүнөбүз жана бул тармактагы өздүк тажрыйбаларды жакшыртуунун үстүндө иштейбиз.

Биз башка компанияларды жана уюмдарды ESG стандарттарына жетүү боюнча жасап жаткан аракеттерге           кошулууга жана бардыгы үчүн таза жана адилеттүү дүйнөнү түзүү үчүн биргелешип иштөөгө чакырабыз.

Биз курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү узак мөөнөттүү каржылык туруктуулук менен коопсуздук үчүн негизги факторлор болуп саналат деп эсептейбиз.

Биз ар дайым экологиялык жактан таза жана туруктуу долбоорлорду колдоонун жана инвестициялоонун жаңы жолдорун издейбиз.

Биз өз кардарларыбыз үчүн экологиялык таза кредиттер, эко-инвестициялар жана туруктуу каржылоо боюнча консультациялар менен бирге экологиялык-банктын өндүрүмдөр менен кызматтардын спектрин кеңейтүүнү сунуштайбыз.

Биз, ошондой эле банктык өз ишмердүүлүгүбүздө туруктуу экологиялык стандарттарды карманабыз жана экологиялык футпринтибизди минималдаштырууга аракет жасайбыз.

Биз, ESG стандарттарын кызуу жактайбыз жана биздин экологиялык банктык өндүрүмдөр кардарларыбызды жооптуу инвестициялык тандоо жасоого, ошондой эле рыноктун жана коомдун талаптарына ылайык экологиялык таза жана туруктуу долбоорлорду колдоого жана өнүктүрүүгө жардам берет деп ишенебиз.

Биз, туруктуу өнүктүрүү биздин жана келечектеги муундун жашоосун жакшыртат деп ишенебиз. Коомдун туруктуу жашоосунун негизи – бул ишенимдүү жана өнөктөштүк мамилелер, бизнестеги иштиктүү этиканы сактоо жана коомубуздун бардык кызыкдар тараптары менен жагымдуу мамилелерди түзүү. Ошол себептүү алдыдагы максаттарыбыздын бири – бул аң сезимдүү өндүрүү жана керектөө маданиятын жайылтуу жана популяризациялоо, ошондой эле калктын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооптуу мамилелерди түзүү маселелери боюнча калктын сабаттуулугун жогорулатуу.

close