«Керемет Банк» ААК гендердик теңдик принцибин карманат

«Керемет Банк» ААК гендердик теңдик принцибин карманат

«Керемет Банк» ААКда Корпоративдик этика кодекси жаңыртылып, гендердик теңдик принциби сактаалары аныкталды. Башкача айтканда, бүгүн Банк адилеттүү жана инклюзивдүү жумуш чөйрөсүн (тактап айтканда, ден соолугу жаатында кандайдыр бир өзгөчөлүккө ээ адамдарды социалдаштыруу жана адаптациялоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн) түзүүгө умтулат жана жынысына карабастан эмгек жамааты ичинде ар бир кызматкер бирдей мүмкүнчүлүктөргө жана укуктарга ээ болуу менен өз эмгек потенциалын толук пайдалануу менен ар кыл ийгиликтерди жарата алат.

Бул иш БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү программасы боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган улуттук деңгээлдеги иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү, анын ичинде гендердик маселелер БУУнун он жети Максатынын бешинчиси болуп саналат.

Банктын Корпоративдик этика боюнча кодексинде төмөнкү принциптер аныкталган:

  • Талапкерлерди ваканттык позицияга тандоодо объективдүү принциптерди кармануу жана алардын квалификацияларына, иш тажрыйбаларына жана көндүмдөрүнө басым жасоо;
  • Кесиптик билим берүү жана кызматтык баскыч аркылуу өсүү жаатында бардык кызматкерлер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
  • Жынысына карабастан бардык кызматкерлер үчүн бирдей айлык акы жана бирдей шарттарды түзүүгө кепилдик берүү;
  • Жыныстык айырмачылыктын негизиндеги ар кыл басмырлоолорго, адамдын кадырына шек келтирүүчү шылдыңдоолорго жол бербөө, каршы туруу жана аталган прициптин бузулуусу боюнча бардык дооматтарга олутуу мамиле жасоо, купуялуукту сактоо.

«Керемет банк» ААК гендердик теңдик принциптерин карманат жана өз кезегинде Банк ишин туруктуу өнүктүрүү максатында жалпы кызматкерлер үчүн иш үстүндөгү адилет чөйрөнү түзүүгө бардык зарыл шарттарды түзүүгө умтулат.

close