«Керемет Банк» «ЭКО жылуулук», «ЭКО драйв», «Билим – өмүр чырагы» «жашыл» каржы өндүрүмдөрүнүн концептин бекитти.

«Керемет Банк» «ЭКО жылуулук», «ЭКО драйв», «Билим – өмүр чырагы» «жашыл» каржы өндүрүмдөрүнүн концептин бекитти.

«Керемет Банк» «ЭКО жылуулук», «ЭКО драйв», «Билим – өмүр чырагы»  «жашыл» каржы өндүрүмдөрүнүн концептин бекитти. Бул тууралуу 2023-жылдын 19-октябрында Бишкек шаарында өткөн «Кыргыз Респмубликасындагы климаттын өзгөрүүсүнө карата орто жана узак мөөнөттү адапатациялык чараларды пландоо жана жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук адаптациялык планды иштеп чыгуу процессин алдыга жылдыруу» долбоорунун алкагында уюштурлуган «Бизнести туруктуу кылабыз: климаттык демилгелер» аттуу техникалык жыйындын жүрүшүндө:  «Керемет Банк» ААКнын «Туруктуу өнүктүрүү жана ESG» боюнча ыйгарымдуу өкүлү Амантур Толебеков билдирди.

Иш-чараны КР Экономика жана коммерция министрлиги жана EcoPartner юридикалык жактар ​​консорциуму уюштурган. Ал эми аны ишке ашырууга КР Жаратылыш ресурстары, экология, техникалык көзөмөл министрлиги жана БУУнун өнүктүрүү программасы да колдоо көрсөткөн.

Жыйынга Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, ПРООНдун, коммерциялык эмес жана бизнес уюмдарынын, Өкмөттөр аралык фонддордун, КР Улуттук банкынын өкүлдөрү катышкан.

«Керемет Банк» ААКнын «Туруктуу өнүктүрүү жана ESG» боюнча ыйгарымдуу өкүлү Амантур Толебеков «Жашыл каржылоо» тармагындагы демилгелер» жана Банкты туруктуу өнүктүрүү» аталышындагы бет ачары менен баяндама жасап, ал өкүлү болуп саналган  «жашыл» банкинг жаатындагы каржылык уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле А. Толобеков жакында эле «Керемет Банк» аталыштары кулакка жагымдуу угулган «ЭКО жылуулук», «ЭКО драйв», «Билим – өмүр чырагы»  «жашыл» каржы өндүрүмдөрүнүн концептин бекиткендигин айтып, эксперттик ой-пикирди топтоо максатынрда каржылык өндүрүмдөрдүн долбоору менен тааныштырды.

close