«Керемет Банк» ААК – «жашыл» мүмкүнчүлүктөр банкы

«Керемет Банк» ААК – «жашыл» мүмкүнчүлүктөр банкы

«Керемет Банк» ААК Кыргызстандын коммерциялык банктарынын ичинен биринчилерден болуп «Кыргызстандын жашыл альянсы» ассоциациясынын мүчөсү болуп калды. «Керемет Банк» системалуу стратегиялык документтерди кабыл алуу менен «жашыл» банкинг жана жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерин ишке киргизе баштады:

  1. «Керемет Банк» ААКнын 2023-2024-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү стратегиясы, комплекстүү Экологиялык-Социалдык-Корпоративдик программаны бекитүү менен ESG-банкингди киргизүүгө багытталган;
  2. Корпоративдик этика кодекси жаңыртылып, гендердик теңчилик принцибине берилгендик, адилет жана инклюзивдик иш чөйрөсүн (б.а. ден соолук жаатында өзгөчөлөгү бар адамдарды социалдаштыруу жана адаптациялоо үчүн шарттар түзүлгөн) түзүүгө умтулуу ырасталды. Мында ар бир кызматкер жынысына карабастан бирдей мүмкүнчүлүктөргө жана укуктарга ээ, ошондой эле өз потенциалын көрсөтүп, ийгиликке жете алат.

Аталган иш Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган БУУнун «Туруктуу өнүктүрүү максаттарына» жетишүүнүн алкагында жүргүзүлдү. Белгилей кетчү нерсе анда гендердик маселелер Туруктуу өнүктүрүүнүн он жети максаттарынын бешинчиси болуп саналат.

  1. Банктын тобокелдиктерди башкаруу саясатына ESG-тобокелдиктерди башкаруу боюнча жаңы глава киргизилген. Экологиялык, социалдык, корпоративдик тобокелдиктерди башкаруу иши Банктын ишмердүүлүгү менен коштолгон башка каржылык тобокелдиктер менен байланыштуу өткөрүлөт.

Туруктуу өнүктүрүү стратегиясында коюлган маселелерди аткарууда  «Керемет Банк» ААК тарабынан Банктын түзүмдүк бөлүмдөрү менен филиалдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Учурда аталган топ «Кыргызстандын жашыл альянсы» менен бирге «жашыл» финансы, туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрөгө карата болгон терс таасирди кыскартуу жаатындагы актуалдуу маселелердин үстүндө иш алып барууда.  

«Кыргызстандын жашыл альянсы» менен болгон кызматташтыктын алкагында Банк Климат боюнча Париж макулдашуусунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык квалификациялуу «жашыл кадрларга» карата Кыргызстандын суроо-талабын аныктоо боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү өткөрүүнү демилгелеген.

Банк «Жашыл альянска» экология жана «жашыл» экономика тармагында жогорку билим алуу боюнча кредиттик өндүрүмдү кошо каржылоо долбооруна катышууну сунуштаган.

Банк өзүнүн операциялык ишмердүүлүгүндө таштандыларды өзүнчө чогултуу, энергияны үнөмдөөчү электр приборлорун жана башка ресурс үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен «жашыл кеңсе» стандарттарына өтүү программасын акырындык менен ишке ашырууда.

Ысык-Көл филиалы үчүн ишмердүүлүгүн пилоттук түрдө «жашыл кеңсе» катары кайрадан түзүп чыгуу боюнча өзүнчө комплекстүү план иштелип чыккан.

Кыргыз Өкмөтүнүн Кыргызстан бермети болгон Ысык-Көл көлүн экологизациялоо боюнча демилгесин колдоо максатында Ысык-Көл филиалы пилоттук «жашыл кеңсе» катары тандалып алынган.

Сөзүбүздүн аягында Банк «жашыл» финансылык өндүрүмдүн 3 жаңы концепттин бекиткен, алар «ЭКО жылуулук», «ЭКО драйв», «Билим – өмүр чырагы» деп аталат.

Кененирээк шилтемеден табасыз.

close