Астрасенд

Астрасенд

Астрасенд

 

 

 

Астрасенд – Россияда  түзүлүп, акча каражаттары менен болгон операцияларды тез, сапаттуу жүзөгө ашырууга багытталган эл аралык Төлөм Системасы.

Астрасенд төмөнкү өлкөлөрдө иштейт: Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Казакстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы. Бул тизме убакыттын өтүшү менен дагы да кеңейүүдө.

Астрасенд — бул:

  • Жеке жактар ортосундагы өз ара сүйлөшүүлөр.
  • Накталай төлөмдөр коштогон ыкчам акча которуулар.
  • Акча каражатын которулуп келген өлкөдөгү Өнөктөш-Банктардын бардык бөлүмдөрүнөн алуу.
  • Заманбап коопсуз система.
  • Жүргүзүлгөн операция үчүн  комиссия – которулган сумманын 1%нан тартып.

Которулган акчаны кантип алууга болот?

 

  1. Банк бөлүмүнө кайрып, которулган акча каражатына тиешелүү 10 сандан турган контролдук номурду айтыңыз.
  2. Которулуп келчү акча каражаты кайдан, кимден келерин жана канча өлчөмдө экендигин айтыңыз. Акча каражатын алуу үчүн өздүгүңүздү тастыктаган документтин болуусу кажет.

Акча каражатын кантип которуу керек?

  1. Акча каражаты которула турчу өлкөнүн атын, акча каражатын алуучу адамдын аты жөнүн толук жазыңыз. Эскерте кетчү нерсе, алуучунун аты-жөнүн адамдын өздүгүн тастыктаган документке ылайык жазыңыз.
  2. Акчаны төлөп, жүргүзүлгөн операция боюнча алган контролдук номурду акча алуучуга бериңиз.

Жүргүзүлгөн операция кызматынын акысы акча жөнөтүүчүдөн кармалат. Акча которууда өздүгүңүздү тастыктаган документтин болуусу зарыл. «Астрасенд» системасы жөнүндө кошумча маалыматты https://astrasend.ru/ сайтынан алууга болот.

close