Орто-чакан бизнести колдоо

Орто-чакан бизнести колдоо

Насыяны ким ала алат?

1-категория:

  • Патенттин же жекече ишмердүүлүктү каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде иштеп жатышкан жана жылдык акча жүгүртүү көлөмү  8 млн. сомдон ашпаган 20 жаштан тартып 65 жашка чейинки курактагы (КЖКны кайтаруу мөөнөтү аяктап жаткан маалда) (учурда активдүү, ошондой эле Банкка арыз берген күнгө карата 6 айдан кем эмес) жеке ишкерлер. 

2-категория:

  • Патенттин же жекече ишмердүүлүктү каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде иштеп жатышкан жана жылдык акча жүгүртүү көлөмү  30 млн. сомдон ашпаган 20 жаштан тартып 65 жашка чейинки курактагы (КЖКны кайтаруу мөөнөтү аяктап жаткан маалда) (учурда активдүү, ошондой эле Банкка арыз берген күнгө карата 6 айдан кем эмес) жеке ишкерлер.
  • КРнын салык мыйзамдарына ылайык иштеп жатышкан (учурда активдүү, ошондой эле Банкка арыз берген күндөн карата 6 айдан кем эмес), ошондой эле жылдык акча жүгүртүү көлөмү  30 млн. сомдон ашпаган юридикалык жактар (ЖЧК, ЖАК, ААК ж.б.).

Максаттуу багыты – операциялык чыгымдарды гана жабуу:

1. Операциялык айланма капитал;

2. Операциялык чыгымдар:

  • эмгек акыга чыгашалар;
  • берүүчүлөрдөн эсеп-фактуралар;
  • ижара акы боюнча чыгымдар;
  • коммуналдык кызматтарга чыгашалар (интернетти кошо алганда).

3. Инвестициялык каржылоо.

Зайымдык каражаттарды башка максаттарг үчүн колдонууга болбойт

Насыя суммасы:   

1-категория үчүн – 1 000 000 сом

2-категория үчүн – 3 000 000 сомго чейин

Пайыздык чен:  жылдык 0 (нөл) пайыз

Насыянын аракеттенүү мөөнөтү: 36 ай

Камсыз кылуу:

  • Насыялар 250 000 сомго чейин: Кирешеси тастыкталган кепилдик берүүчүнүн болуусу. Ошол эле учурда карыз алуучунун же кепилдик берүүчүнүн менчигинде кыймылсыз мүлктүн болуусу.
  • Насыялар 1 000 000дон 3 000 000 сомго чейин.                

-  кыймылсыз мүлк;

-  Кепилдик берүү        

Насыяны төлөп берүү шарттары:

- ай сайын бирдей төлөмдөр менен;

- карызды жабуунун ийкемдүү графиги

close