Жаңылыктар

Үлүштүк курулушка катышуу үчүн ипотекалык кредиттер

30 бештин айы 2022

2022-жылдын 30-декабрында «Керемет Банк» ААК жана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК 2022-жылдын 30-апрелиндеги «Мамлекеттик турак жай программасын жүзөгө ашыруунун алкагындагы Кызматташтык жөнүндө» Генералдык макулдашууга карата Кошумча макулдашууга кол коюшту. 

Макулдашуунун алкагында программанын катышуучуларына курулуп жаткан турак жайга ипотекалык кредит берүү жолу менен турак жай программаларын ишке ашырууга курулуш компанияларын тартуу.

Бүгүнкү күндө “Керемет Банк” ААК республиканын рыногунда иштеп жаткан курулуш компанияларынын арасында аккредитация өткөрдү. Аккредитациянын жыйынтыгы боюнча “Фаворит Строй групп” курулуш компаниясы тандалып алынды.

“Фаворит Строй групп” курулуш компаниясы тарабынан Бишкек ш., Анкара көч., 44 боюнча жайгашкан дарегинде 55 батир куруу пландаштырылууда.

Курулуп жаткан турак жайга ипотекалык кредиттер “Арзан Ипотека” багыты боюнча программанын катышуучулары үчүн түзүлгөн кезектүүлүктүн тизмесинин алкагында жеткиликтүү болот.

  • Кредиттөөнүн шарттары: жылдык 8%, мөөнөтү 25 жылга чейин, баштапкы төлөм турак жайдын наркынын 20% дан кем эмес.

Кошумча маалымат алуу үчүн “Арзан Ипотека” багыты боюнча кезектүүлүк тизмесинде турган программанын катышуучулары “Керемет Банк” ААКна кайрылса болот.

close