"Керемет Банктан" автокредит
«Керемет Банкта» жаңы продукт — автокредиттөө жеткиликтүү. Ал унаа сатып алууну пландап жаткан жана сатып алууну каржылоонун ыңгайлуу жолун издеген кардарлар үчүн иштелип чыккан.
Автокредит унаа сатып алуу үчүн зарыл болгон сумманы пайдалуу шарттарда алууга мүмкүнчүлүк берет. Кардар өзүнө ылайыктуу унааны өз алдынча тандайт, ал эми «Керемет Банк» аны каржылоо маселесин чечүүгө жардам берет.
Автокредиттөөнүн негизги шарттары:
· кредит унаа сатып алуу үчүн берилет;
· кредиттин суммасы — 250 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин;
· кредиттин мөөнөтү — 60 айга чейин;
· пайыздык чен — жылдык 19%дан 21%га чейин;
· баштапкы төлөм — 10%дан 30%га чейин.
Жаңы продукт унаа сатып алууну жеткиликтүүрөөк кылууга жана кардарларга унаанын толук наркын бир жолку төлөө зарылдыгынан улам маанилүү пландарын кийинкиге жылдырбоого мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.
Автокредитке арыз берүүгө жана программанын шарттары тууралуу толук маалымат алууга «Керемет Банктын» бөлүмдөрүндө болот. Банктын адистери кредиттөө шарттары боюнча кеңеш берип, эң ылайыктуу вариантты тандоого жардам беришет.
Унааны сиз тандаңыз — каржылоо маселесин «Керемет Банк» чечет.
Автокредиттөөнүн толук шарттары банктын расмий сайтында же байланыш борборунун төмөнкү телефондору аркылуу жеткиликтүү: +996 312 55 44 44, +996 770 05 54 40.

