Керемет банк бизнес үчүн жеңилдетилген кредиттерди сунуштайт
"Керемет Банк" ААК ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программанын алкагында жеңилдетилген каржылоо алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Аталган программа иштеп жаткан ишкерлерге бизнестерин өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду жеткиликтүү шарттарда ишке ашырууга жардам берүү үчүн түзүлгөн.
Кредитти төмөнкүлөргө колдонсо болот:
- Бизнести өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн;
- Жабдууларды жана техниканы сатып алуу үчүн;
- Өндүрүштү модернизациялоо үчүн;
- Бизнес үчүн жайларды сатып алуу;
- Бизнес инфраструктурасын куруу жана жакшыртуу үчүн.
Каржылоо шарттары
- Валютасы: Сом
- Мөөнөтү: 60 айга чейин
- Чен:
- 0% - кийим тигүү-жеңил өнөр жай үчүн
- 6% - башка бизнес түрлөрү үчүн
- Суммасы: 50 миллион сомго чейин (кийим тигүү-жеңил өнөр жай үчүн 100 миллион сомго чейин).
Ошондой эле бизнестин мезгилдүүлүгүн эске алуу менен ыңгайлуу, ийкемдүү төлөө график менен карыздарды жабуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Камсыздоо: кыймылсыз мүлк, кепил же "Кыргыз Республикасынын Кепилдик фонду" ААК тарабынан гарант.
Программанын негизги максаты - ишкерлерди колдоо, бизнестин өсүшүнө шарт түзүү, жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн экономикасын чыңдоо.
"Керемет Банк" ААК чакан жана орто бизнести колдоону, өнүктүрүүнү улантууда, ишкерлерге масштабдуу өсүү үчүн финансылык чечимдерге жетүүнү сунуштайт.
Кредит алуу үчүн Керемет банктын Сиздерге ыңгайлуу болгон каалаган филиалдарына же 996 (312) 55 44 44 телефону аркылуу байланыш борборуна кайрылыңыз.
** Жылдык эффективдүү пайыздык чен 6,17%**
Керемет Банк – эртеңки ийгилигиңиз үчүн бүгүн бизнесиңизди колдоо.

