Сактык кассасынын жабылышы тууралуу билдирүү
Урматтуу кардарлар,
"Керемет Банк" ААК 2026-жылдын 1-майынан тартып төмөндө көрсөтүлгөн бөлүмдөрү ишин токтото турганын билдирет:
- Бишкек шаарынын Кожевенный көчөсү, №1 дарегинде жайгашкан "Керемет Банк-Бишкек" филиалынын №049-01-01 сактык кассасы ишин токтото турганын билдирет;
- Чуй облусунун Кант шаарынын Ленин көчөсү, 68 дарегинде жайгашкан "Керемет Банк-Бишкек" филиалынын №049-01-17 сактык кассасы;
- Ош облусунун, Ноокат районундагы, Ноокат шаарынын Ленин көчөсү, н/ж;
- Чуй облусунун Бишкек шаарынын Бейшеналиев көчөсү, 31 дарегинде жайгашкан "Керемет Банк-Бишкек" филиалынын №049-01-39 сактык кассасы.
Кардарлардын бардык милдеттенмелери толук күчүндө калаарын эскертебиз. Сиз кызмат көрсөтүүлөрдү жакынкы Банктын филиалдарынан алып, улантсаңыз болот.
Суроолоруңуз болсо, төмөнкү дарек боюнча байланышсаңыз болот:
Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40/4 дарегинде жайгашкан "Керемет Банк-Бишкек" филиалы;
"Керемет-Банк" ААКнын 24/7 саат тартибинде күнү-түнү иштеген Байланыш борборуна 0 (312) 55 44 44, 0 (703) 55 44 44, 0 (997) 55 44 44, 0 (227) 55 44 44 жана WhatsApp: 0 (557) 55 44 44 номерлерине чалып байланышсаңыз болот.
Ишенимиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз, мындан ары да биз менен байланышта болуңуз!
