Жеңишбек Алимбекович Муратбеков "Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
"Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин чечими менен Жеңишбек Алимбекович Муратбеков директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Жеңишбек Алимбекович Муратбеков мамлекеттик кызматтарда 30 жылдан ашык тажрыйбага ээ, анын ичинен 18 жылдан ашыгы финансы жана экономикалык тармакта иштеген. Мамлекеттик кызматтагы жылдарында ал өзүн каржылык көзөмөл, экономикалык коопсуздук жана башкаруу жаатында терең тажрыйбасы бар жогорку деңгээлдеги адис катары көрсөттү.
Карьерасынын ар кандай этаптарында ал жооптуу кызматтарды ээлеген, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген, ал жерде экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүнү жана каржылык тартипти чыңдоону көзөмөлдөгөн.
Мамлекеттик кызматтардан тышкары, Жеңишбек Алимбекович Муратбеков банк тармагында да иштеп өзүн эң мыкты денгээлдеги адис катары көрсөтө алды. Ал банк тармагында, анын ичинде "Халык Банк Кыргызстан" жана "О!Банк" банктарында маанилүү жана жетекчилик кызматтарды ээлеп, банк продуктуларын өнүктүрүү, ички процесстерди жакшыртуу жана банктардын рыноктогу позицияларын чыңдоо боюнча иш алып барган.
2024-жылдан бери ал кесиптик карьерасын "Керемет Банк" ААКда улантып, банктын корпоративдик башкаруусун жана стратегиялык багыттарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон. 2026-жылдын январь айында ал Директорлор кеңешине шайланып, 2026-жылдын 31-мартында Директорлор кеңешинин төрагасы кызматына расмий түрдө киришкен.
Жеңишбек Алимбекович Муратбековдун дайындалышы "Керемет Банк" ААКнын финансы рыногун трансформациялоо шартында башкаруу тажрыйбасын чыңдоого, операциялык натыйжалуулукту жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүгө багытталган ырааттуу стратегиясын чагылдырат.

