Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр,
“ЛОРО” корреспонденттик эсебиндеги KGS жана RUB (РФ) операциялар үчүн жаңыртылган тарифтер 2026-жылдын 10-апрелинен тартып күчүнө кирерин билдиребиз.
Бул өзгөртүүлөр Банкта ачылган корреспонденттик эсептерди тейлөө жол-жоболоруна жана шарттарына таасир этет жана учурдагы базар шарттарына ылайык төлөмдөрдү жаңыртууга багытталган.
Операцияларды жүргүзүүнү пландаштырууда жана аткарууда бул маалыматты эске алыңыз.
Эгерде Сизде кандайдыр бир суроолор жаралса “Керемет Банк” ААКнын күнү-түнү иштеген байланыш борборуна (0 312) 55 44 44 же WhatsApp (0 557) 55 44 44 номерлери аркылуу кайрылыңыз.
