Санариптик кызматтарды жаңылоо жана жакшыртуу максатында Керемет Банк 2026-жылдын 1-мартынан тартып жеке жактар үчүн мобилдик тиркемесинин ишин убактылуу токтотот.
Сиздердин ыңгайлуулугуңуздар жана негизги операцияларга үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүктү сактоо максатында, улуттук төлөм карталарынын эсептешүү системасы Элкарттын «ЭЛКАРТ Мобайл» мобилдик тиркемесин операцияларга эч кандай чектөөлөрсүз колдонууну сунуштайбыз.
Санариптик кызматтарды үзгүлтүксүз пайдаланууну улантуу үчүн «ЭЛКАРТ Мобайл» тиркемесин алдын ала жүктөп алып, каттоодон өтүңүздөр.
Көңүл буруңуздар:
-«ЭЛКАРТ Мобайл» Банктын продуктусу болуп эсептелбейт;
-«ЭЛКАРТ Мобайлга» өтүү эсептешүү эсептерин жабууну же карталарды кайра чыгарууну талап кылбайт;
-«ЭЛКАРТ Мобайл» тиркемеси ЭЛКАРТ карталары боюнча бардык негизги операцияларды толугу менен колдойт;
-Банк кардарларды ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын карталары боюнча тейлейт.
«ЭЛКАРТ Мобайл» тиркемесинде сиз төмөнкүлөрдү аткара аласыз:
Балансты жана операциялардын тарыхын көрүү;
Төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү;
Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө;
Бардык негизги карталык сервистерди колдонуу.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Түшүнүүңүз жана ишенимиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөнү улантабыз.
Эгерде сизде суроолор жаралса, 24/7 режиминде иштеген «Керемет Банк» ААКтын Байланыш борборуна же төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрыла аласыз.
0 (312) 55 44 44,
0 (703) 55 44 44,
0 (997) 55 44 44,
0 (227) 55 44 44
же 0 (557) 55 44 44 WhatsApp номери аркылуу же Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.
