Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешиндеги өзгөрүүлөр.
Болот Бариевич Азыков директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалды.
Жеңишбек Алимбекович Муратбеков директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.
Болот Бариевич Азыков - "Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы.
Ал финансалык жана экономикалык саясат, менеджмент жана эксперттик иш жаатында олуттуу тажрыйбага ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде жогорку кызматтарды ээлеген жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында да эксперт болуп иштеген.
Жеңишбек Алимбекович Муратбеков - "Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү.
Ал башкаруу жана мамлекеттик иште олуттуу тажрыйбага ээ. 2012-жылдан 2013-жылга чейин ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын уюштуруу-көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы жана ошол эле мекемеде аппарат жетекчиси болуп иш тажрыйбасын байыткан, кийинчерээк аталган кызматтын төрагасынын орун басары да болгон. Ошондой эле, ал "Халык Банк Кыргызстан" ААКнын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 
