Керемет банктын кызматкерлери Кыргызстан банктар биримдигинин сыйлыктары менен сыйланышты
Биздин банктын кызматкерлери банк тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Кыргызстан банктар биримдигинин жогорку сыйлыктарына ээ болушканын сыймыктануу менен жарыялайбыз! Бул сыйлыктар биздин адистердин кесипкөйлүгүн, өз иштерине берилгендигин жана "Керемет банктын” базар экономикасындагы позициясын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон олуттуу салымын белгилейт.
Сыйлыктар жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик, компетенттүүлүк жана банктын корпоративдик баалуулуктарына берилгендиги менен айырмаланган кызматкерлерге тапшырылды. Алардын жетишкендиктери жеке ийгиликтерди гана чагылдырбастан, өлкөнүн бүтүндөй банк тармагынын өнүгүшүнө, кардарлардын ишенимин бекемдөөгө жана тейлөө үлгүсүн жогорулатууга салым кошуп келет.
Кесиптештерибизди бул татыктуу сыйлыктары менен куттуктайбыз! Аларга жаңы кесиптик бийиктиктерди, ишенимдүү иш тепкичинен өйдөлөп өсүшүн, чыгармачыл бай ой чабыттарды жана эң бийик денгээлдеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн күч-кубат каалайбыз. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер жана берилгендигиңиздер "Керемет банктын” бүтүндөй командасы үчүн үлгү болуп саналат.




