"Керемет Банк" ААКнын Директорлор кеңеши Банк Башкармалыгынын курамына өзгөртүү киргизди.
"Керемет Банк" ААКнын Директорлор кеңешинин 2026-жылдын 14-январындагы чечими менен Банк Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жеңишбек Алимбекович Муратбеков банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайлангандыгына байланыштуу 2026-жылдын 14-январынан тартып кызматынан бошотулду.
Директорлор кеңешинин ушул эле чечими менен Фархад Анварович Артыков 2026-жылдын 15-январынан тартып "Керемет Банк" ААКнын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Фархад Анварович Артыков 2009-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин “Экономист-менеджер” квалификациясына ээ болу менен “Ишкананы башкаруу экономикасы” адистиги боюнча окуган. 2016-жылы ошол эле Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде “Кылмыш-жаза укугу” адистиги боюнча юридикалык багытта окуп, “Юрист” квалификациясын алган. Ал банктык тобокелдиктер, финансылык көзөмөл, акчаны адалдоого каршы күрөшүү жана көйгөйлүү активдерди башкаруу боюнча кошумча кесиптик билим алып, сертификациядан өтүп тажрыйбасын байыткан.
Ал банк жана финансылык тармактарда, ошондой эле мамлекеттик финансылык көзөмөл органдарында иштеп кеңири тажрыйбага ээ. Банктык коопсуздук жана ички көзөмөл бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарды ээлеп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жана укук коргоо органдарында иштеген. 
