«Керемет Банк» ААКнун Директорлор кеңеши Банк Башкармасынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
"Керемет Банк" ААКнын Директорлор кеңешинин чечими менен Мукушева Дамира Асыпбековна Банк башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалды. Атамкулова Бурулкан Токтоналиевна "Керемет Банк" ААКнын Башкармалыгынын мүчөсү - Башкы бухгалтер кызматына дайындалды. Куржей Татьяна Евгеньевна берген арызына жана "Керемет Банк" ААКнын Директорлор кеңешинин чечимине ылайык, өз каалоосу менен Банк башкармалыгынын төрайымы кызматынан кетти.
Дамира Асыпбековна Мукушева 1985-жылы Фрунзе политехникалык институтун ийгиликтүү аяктап, отуз жылдан ашык эмгек убакытын банк тармагында иштөөгө арнаган. Ал филиалдарды жана түзүмдүк бөлүмдөрдү башкарууда, ошондой эле стратегиялык жана башкаруу максаттарын ишке ашырууда өзүн эң мыкты денгээлде көрсөтүп, олуттуу тажрыйбага ээ. Жогорку кесипкөйлүгү, Кыргыз Республикасынын каржы секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык ак ниеттүү кызматы үчүн Дамира Асыпбековна көптөгөн ведомстволук жана тармактык сыйлыктар менен сыйланган.
Атамкулова Бурулкан Токтоналиевна 1999-жылы Киев политехникалык институтун аяктаган. Ал банк тармагында 20 жылдан ашык тажрыйбага ээ жана анын ичинен 15 жылын "Керемет банкта иштеп келет. Ал бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана банк ишин жөнгө салуу жаатында терең билимге ээ болуп, жогорку квалификациялуу адис катары өзүн көрсөтө алды.
Дамира Асыпбековна бул кызматка киришүү менен ага көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, 2025-жылы банк киргизилген санкциялардан улам эң көйгөйлүү тышкы жана ички белгисиздикке туш болгонун белгиледи. Банктын жетекчилиги өзүнүн иштөө моделин ички кардарларды тейлөөгө жана көйгөйлүү кредиттерди кайтарып алуу боюнча аракеттерин күчөтүүгө кайрадан багыт алып, ал жогорку ликвиддүүлүк коэффициенттерин жана финансылык оң натыйжаны сактоого өбөлгө түздү. Туура жана эфективдүү башкаруу процесстери түзүлүп, андай кадам банкка финансылык туруктуулукту сактоого, жөнгө салуучу талаптардын сакталышын камсыз кылууга жана учурдагы экономикалык шарттарда "Керемет Банктын" ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берди.


