Жаңылыктар

Директорлор кеңеши «Керемет Банктын» ишинде ESA – багытынын канчалык маанилүү экендигин белгиледи

26 чын куран 2024

«Керемет банк» Ачык акционердик коомунун Директорлор кеңеши 2024-жылдын 25-апрелинде 2022-2024-жылдарга банкта ESG банкингди ишке ашыруу боюнча Туруктуу өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты укту.

Отурумга Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнөн сырткары Банк башкармалыгынын төрагасы Тимур Бербаев жана «Керемет банк» Башкармалыгынын, ошондой эле ESG боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү катышкан. Пландын аткарылышы жөнүндө маалымат Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Шапаков тарабынан берилди.

Ошентип, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү отчётту кунт коюп угушкан соң ал тууралуу өз ойлорун ортого салып жана ESG-багытынын финансы мекемесинин ишиндеги маанисин баса белгилеп өтүштү.

Экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу (англ. environmental, social and corporate governance, ESG) — бул компанияларды башкаруу мүнөзүнүн топтому, мында аталган компанияны экологиялык, социалдык жана башкаруучулук көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу аракеттери көрүлөт. ESG – үч параметрден турат жана аларга ылайык компаниялар туруктуу өнүгүүнү камсыз кыла алышат.

«Керемет Банк» ААК «Кыргызстан жашыл альянсы» ассоциациясына кирет. Уюмда 2023-2024-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган; анда коюлган максаттарды аткаруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн.

close