Жаңылыктар

«Керемет банк» China Construction Bankда корреспонденттик эсеп ачты

15 чын куран 2024

«Керемет банк» ачык акционердик коому China Construction Bank Corporation Xinjiang Branch   (China Construction Bank Corporation Синьцзян филиалы) корреспонденттик эсеп ачты.  Ошентип, Кытай Эл Республикасына акча которууларды кытай юанында жөнөтүүнү каалаган  «Керемет банктын» кардарларында   дагы бир мүмкүнчүлүк пайда болду. 

China Construction Bank («Кытайский курулуш банкы») же  кыскартып атаганда CCB – Кытайдагы жана дүйнөдөгү эң ири банктардын бири  болуп саналат.  Бул Банк Кытайдын ири мамлекеттик банктарынын «Чоң төрттүгүнүн» (Industrial and Commercial Bank of China, Agricultural Bank of China и Bank of China менен катар) катарына кирет. 2023-жылдагы  Forbes Global – 2000 рейтингинде   дүйнөдөгү эки миң ири коомдук компаниялардын арасында 4-орунду ээлеген. 2015-жылдан баштап глобалдуу системалык мааниге ээ банктардын катарына кирет.

Эскерте кетсек, буга чейин «Керемет банк» ААК Кытай Эл Республикасынын Bank of China, Zhejiang Chouzhou Commercial Bank, Ningbo Yinzhou Rural Commercial Bank сыяктуу ири банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзгөн.

close