Жаңылыктар

«Керемет банктын» кызматкерлери «Жаз деми - 2024» марафонуна катышышты

15 чын куран 2024

«Керемет банк» Ачык акционердик коомунун кызматкерлери 2024-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында болуп өткөн «Жаз деми - 2024» жарым марафонго катышышты. Аралыкка чуркоо Nomad sport компаниясы тарабынан уюштурулган.

Ошентип, Банктын 30 дан ашык кызматкери «Аска-Таш» мемориалдык комплексинен тартып Васильев тракты боюнча «Манас» аэропортуна чейин, анан кайра аталган комплекске чейин чуркашып 5, 10 жана 21 км аралыкты басып өтүшкөн. Алардын катарында Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Султанов жана Банк башкармалыгынын мүчөсү – башкы бухгалтер Гүлмира Токтогожоева дагы болгондугун белгей кетүү абзел. Аталган иш-чарага бардыгы болуп 3 500 спортчу жана сергек жашоо образын туу тутушкан спорт ышкыбоздору катышкан.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе – Методология бөлүмүнүн башкы адиси Чынара Жапарова он километрдик аралыкка чуркоодо өз категориясындагылардын ичинен үчүнчү орунду багындырган. 

«Керемет банк» Чынара Жапарованы бул жеңиши менен куттуктайт жана сергек жашоо образын тандап алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет!

Банк кызматкерлери такай активдүү дене көнүгүүлөрү менен шугулданышат жана бул өңдүү спорттук иш-чараларга үзбөй катышышат.

close