Жаңылыктар

Президенттик «Акылман» лицейинин окуучулары «Керемет Банктын» сактык кассасына келип кетишти

11 чын куран 2024

Президенттик «Акылман» лицейинин окуучулары 2024-жылдын 9-апрелинде «Керемет банк» Ачык акционердик коомунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан – «Ысык-Көл» филиалынын барып көрүштү. Экскурсия Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында Окуу жайынын администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Сактык кассасынын кызматкерлери  окуучуларга банктын күндөлүк иштери, аманаттар жана каржылык сабаттуулук боюнча айтып беришти.

Глобалдуу акча жумалыгы -  бул эл аралык агартуучулук кампания болуп саналат жана анын максаты – адамдарды акчаны сарамжалдуу пайдаланууга үйрөтүү. 2024-жылы аталган кампания дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да КРУБдун жетечилиги алдында 18-марттан 24-мартка чейин өткөрүлгөн.

close