Жаңылыктар

Орозо айт майрамына карата «Керемет Банк» ААКнын иштөө графиги

8 чын куран 2024

Урматтуу кардарлар!

«Керемет Банк» ачык акционердик коому  Орозо айт майрамына карата 2024-жылдын 10-апрели жумушчу эмес күн экендигин,  ал эми майрам алдындагы  9 –апрелдеги иш күнү 1саатка  кыскара тургандыгын маалымдайт.

«Керемет Банк» ААК жалпы кыргызстандыктарды Ыйык орозо айынын аякташы менен чын дилинен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден-соолук,  ишиңиздерге ийгилик, түгөнбөгөн бакыт жана  элибизде тынчтык, токчулук, береке, ынтымак  болуусун каалайт! Жараткан колдоп, Кыргызстаныбыз өсүп-өнүккөн, алдыңкы өлкөлөрдөн болсун!

«Керемет Банк» ААКнын Байланыш-борбору 24/7 режимде иштейт жана 0 (996 312) 55 44 44 телефон номуру же  0 (996 557) 55 44 44 WhatsApp  номуру боюнча жеткиликтүү болот.

close