Жаңылыктар

Акча жоготуулардын кантип алдын алууга болот?

19 жалган куран 2024

Бүгүн биз сиздер менен кантип акча уурдатпоо жана банктык эсептеги акча каражаттарыңыздарды башка адамдар тарабынан мыйзамсыз түрдө чыгарылып кетүүсүн  кантип алдын алуу керектиги тууралуу кеп-кеңеш менен бөлүшүүнү эп көрдүк.

Бул макала үстүбүздөгү жылдын 18-мартынан тартып 24-мартына чейин бүткүл дүйнө жүзүндө өткөрүлө турган Глобалдуу акча жумалагынын алкагында жарыяланды. Бул кампаниянын максаты – калктын каржылык сабатуулугун жогорулатуу, акча каражатын сарамжалдуу пайдаланууга үйрөтүү болуп саналат. Албетте, мунун өзү келечекте адамдардын каржылык абалын жакшыртууга жардам берет.

Ошентип, биз бере турчу сунуштар төмөнкүдөй:

  • Өз каржы каражаттарыңыз, анын суммасы, сактала турчу орду тууралуу эч кимге айтпаңыз.
  • Жеке өзүңүз тууралуу маалыматтарды социалдык түйүндөргө жарыялоодо этият болуңуз, документтериңиздеги жана банктык картаңыздардагы сүрөттөрдү жайгаштырбаңыз.
  • Чоң же көп өлчөмдөгү акча каражатын жаныңызга салып жүрбөңүз.
  • Капчыгыңыздагы акча каражаттарын жана мобилдүү тиркемеге кирип, банктык эсебиңиздеги акча калдыгын көпчүлүктүн көзүнчө санабаңыз.
  • Соода-сервистик мекемелердин сатуучуларына картаңызды берип коюп, башка нерсеге алагды болбоңуз: кассалык операциялар көз алдыңызда өткүдөй болсун.
  • Коопсуз жайларда (мамлекеттик мекемелерде, банк бөлүмдөрүндө, ири соода комплекстеринде, мейманканаларда, аэропорттордо ж.б.) орнотулган банкоматтарды пайдаланыңыз.
  • Банкоматка келип операция өткөрөөрдөн мурда анын экранын, айрыкча ПИН-клавиатура жайгашкан бөлүгүн, картаны кабыл алчу түзүлүштү карап чыгыңыз, карта салынуучу жер, видеобайкоо түзүлүштөрүнүн жайында экенине ынаныңыз.
  • Картаны банкоматка салууда же кайра алууда күч менен түртүп, же тартып албаңыз.
  • Өткөрүлгөн операциялар жөнүндө почта же SMS-билдирүү кызматын кошуп алыңыз, ошондой эле жүргүзүлгөн төлөмдөр тууралуу маалыматты мобилдүү тиркемеден текшерип туруңуз.
  • Каражаттарды чыгарып алууга лимит киргизиңиз.
  • Банктык жеке маалыматтарыңызды эч качан эч кимге айтпаңыз: арткы бетиндеги үч тамга (СVC же СVV-код), код сөздөрдү, ПИН-код, картанын жарактуу мөөнөтүн. Ошондой эле банктык тиркемедеги сыр сөздөр менен коддорду жашыруун сактаңыз.
  • CVC-код, карта номуру, жарактуу мөөнөтү жана ээсинин ысымы көрүнбөш үчүн картаны капчыкка же күңүртөлгөн кутучага салып жүрүңүз. Картаңызды жашыруун жайга сактаңыз жана документтерден жана акча каражаттарынан өзүнчө кармаңыз.
  • Тандап алган сыр сөзүңүз татаал түзүлүштө болсун – сандарды ирети менен жазбаңыз жана туулган күн же үйдүн дареги өңдүү маалыматтарды колдонбоңуз. Ар кайсы аккаунттар үчүн ар башка сыр сөздөрдү колдонуңуз.
  • Эгерде сизге кимдир бирөөлөр чалып, банктан чалып жатабыз деп, картаңыздын номурун сурашса же кайсы бир эсепке акча которуу керектиги тууралуу айтышса, банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн контакт-борбордун телефон номурун терип, банк кызматкери менен байланышыңыз.
  • Картаңыздагы жеке маалыматтарды шектүү сайттарга жайгаштырбаңыз. 
  • Интернет аркылуу төлөө учурунда 3DS карталары боюнча коопсуз операциялардын технологиясын пайдалануучу соода-сервистик мекемелердин сайттарын колдонуңуз.
  • Белгилүү булактардан зарыл гана тиркемелерди жүктөңүз. 
  • Коомдук Wi-Fi түйүнүн колдонууда этият болуңуз. 
  • Башка компьютерден интернет-банкингге кирбеңиз. 
  • Компьютериңизге вирустан коргоочу программаны орнотуп, аны ар дайым жаңылап туруңуз.
  • Каттарда көрсөтүлгөн белгисиз тиркемелерде ачпаңыз, түшүнүксүз тиркемелерди баспаңыз.
  • Эгерде кимдир бирөө мобилдүү тиркемеңизге же электрондук капчыгыңызга акча которо тургандыгын айтып, кайсы бир сайтка кирүү үчүн жөнөткөн шилтемеге кирбеңиз. 
  • Өз телефонуңузду эч кимге карматпаңыз. Чоочун адамдар мобилдүү тиркеме аркылуу  эсебиңиздеги акча каражаттарын которуп кетүүсү же кооптуу тиркеме орнотуп коюусу мүмкүн.
  • Телефонуңузду жоготуп алып, системага кирүүчү маалыматтарыңыз башка адамдарга маалым болуп калгандыгынан шек санаңыз же системага мыйзамсыз кирүү аракеттери болгондугун байкап калсаңыз дароо банкка кайрылыңыз.

close