Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК Эл аралык каржы форумуна катышууда - BIFF2023: «Технологиялар. Мүмкүнчүлүктөр. Туруктуу өнүгүү

26 бугу 2023

Бүгүн 25-майда «Керемет Банк» ААК Бишкек Эл аралык Финансылык форумунун алкагында (BIFF2023) өткөн Кыргызстан банктар союзунун  «Жашыл» бизнести алдыга жылдыруу жана ОЧБнын туруктуу каржылоого карата мүмкүнчүлүгү» атттуу семинарга катышты.

Ошону менен бирге аталган семинарга мамлекеттик каржы органдары, банктар, ОЧБ жана Борбордук Азия, Кавказ жана Монголиядан келишкен эл аралык уюмдар катышкан.

Иш-чаранын максаты болуп өз ишмердүүлүгүн «жашылдандыруу» үчүн ресурстук эффективдүүлүк маселелери боюнча ОЧБларды окутуу жана маалымдуулугун жогорулатуу саналат. Ошондой эле ОЧБ күндөлүк көйгөйлөрү талкууга алынып, маселени каржылык жана бизнес-кейстери пайдалануу менен чечүү сунуштары айтылды.

Ошондой эле UNEP I-GO Assistant инструменти боюнча маалымат берилди, ал орто чакан бизнестин айлана-чөйрөнү өнүктүрүү үчүн кесипкөй жардамга тез жана оңой жетүүсүн камсыз кылат.

close