Жаңылыктар

ЭГЕРДЕ КАРТАҢЫЗ БӨГӨТТӨЛҮП КАЛСА ЖЕ ЖОГОТУП АЛСАҢЫЗ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

24 бугу 2023

Урматтуу кардарлар,

«Керемет Банк» ААК эгерде карта бөгөттөлүп же жоголуп кеткен учурларда эмне кылуу керектиги тууралуу нускама менен тааныштырат жана ал бин нече баскычтан турат.

Карта бөгөттүп /жоголуп кеткен учурларда  «Карталык эсептерди тейлөө жана «Керемет Банк» ААКдагы айлык акы долбоору боюнча банктык төлөм карталары менен байланышкан операцияларды иштетүү жол-жобосуна» ылайык  кардар төмөнкүдөй чараларды кабыл алуусу керек:

  • Эсептегичтеги туура эмес киргизилген ПИН-кодду жокко чыгаруу үчүн Банктын кайсы бир филиалына паспорт менен келүү;
  • Картаны бөгөттөө/кайра басып чыгаруу үчүн арыз жазуу;
  • Карта 5-10 мүнөттүн ичинде бөгөттөн чыгарылат.

Белгилей кетчү нерсе, учурда «Керемет Банк» ААК бардык операцияларды кардарлардын оригинналдуу документтеринин негизинде жүргүзүүдө.

Эгерде шашылыш түрдө накталай акча каражаты керек болуп калса, анда паспорт менен Банктын кассасына кайрылуу зарыл. Картаны кайрадан басып чыгаруу 5 жумуш күндү түзөт.

Картаны коопсуз негизде пайдалануу боюнча толук маалымат алуу үчүн сайтыбызга кирип, КАРТАЛАР бөлүмүнө көз жүгүртүңүз.

Жаралган башка суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу  Банктын күнү-түнү иш алып баруучу контакт-борборуна кайрылыңыз: (0 312) 55 44 44, WhatsApp - (0 557) 55 44 44.

close