Акча которуу системалары бөлүмүнүн башчысы
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 18 кулжа 2026
Талаптар:
- экономика боюнча жогорку билим же банк тармагында кошумча толуктоочу тажрыйба;
- тиешелүү тармакта кеминде эки жылдык иш тажрыйбасы, анын ичинде банк тармагында кеминде эки жыл;
- жетекчилик кызматта кеминде эки жылдык иш тажрыйбасы;
- финансылык-банктык тутумунда кеминде эки жылдык иш тажрыйбасы;
- тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган акча которуу тутумдарын билүү ж.б.;
- эсеп ачпастан жеке адамдар үчүн акча которуу тутумдары менен иштөө көндүмдөрү;
- Банктын кардарлары үчүн акча которуу тутумдары тармагында жаңы тенденцияларды билүү.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын жана Банктын ички ченемдик документтерин билүү;
- эмгекти коргоо коопсуздук чараларын жана өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди билүү;
- Банктын уюштуруу түзүмү жана корпоративдик башкаруу тутуму;
- ишкердик баарлашуу этикасы, ишкердик байланыштарды түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жол-жоболорун билүү;
Милдеттер:
Кызматтык нускамага ылайык.
Шарттар:
- КР Эмгек кодексине ылайык кызмат менен камсыз кылуу;
- Татыктуу эмгек акы;
- Иштөө графиги: 09:00дөн 18-00гө чейин;
Кызматтык мүнөздөмөңүздү жана сүрөтүңүздү hrm@keremetbank.kg жана akalybekova@keremetbank.kg дарегине жөнөтүңүз.
*Банк эң ылайыктуу талапкерлерди маектешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат.
