Корреспонденттик мамилелер бөлүмүнө жетектөөчү адис
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 4 кулжа 2026
Корреспонденттик мамилелер бөлүмүндөгү жетектөөчү адиске коюлуучу талаптар:
1. Экономика боюнча жогорку билим же банк тармагында ошол багытты толуктаган тажрыйба;
2. Финансы жана банк тармагында кеминде эки жылдык тажрыйба;
3. Банктын Корреспонденттик мамилелер бөлүмүнүн жалпы ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана ченемдик документтерин билүү;
4. . Корреспонденттик эсептер боюнча келип түшкөн документтерди түшүнүү жана корреспонденттик банктар менен ишкердик кат алышууларды жүргүзүү үчүн жетиштүү деңгээлде англис тилин билүү;
5. Офистик жабдууларды жана компьютердик жабдууларды колдонууну билүү;
6. Өз оюн оозеки жана жазуу жүзүндө так билдирип, аларды аудиторияга кыргыз, англис жана орус тилдеринде жеткире билүү;
