Операциялык бөлүмдүн Жеке жактарды тейлөө секторунун менеджери

Операциялык бөлүмдүн Жеке жактарды тейлөө секторунун менеджери

Операциялык бөлүмдүн Жеке жактарды тейлөө секторунун менеджери

Аймак:: Бишкек шаары

Жарык көргөн күнү: 9 чын куран 2024

Кызматы:

Операциялык бөлүмдүн Жеке жактарды тейлөө секторунун менеджери

Квалификациялык талаптар:

  • Экономикалык жогорку билими же бүтпөгөн жогорку билими (үчүнчү курстан жогору);
  • Банктарда эсептик-кассалык тейлөө, акча которуу, алмаштыруу операциялары боюнча кеминде 1 жылдык иш тажрыйбасы;
  • Ишенимдүү колдонуучу деңгээлинде компьютерди колдоно билүү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын банк ишин жөнгө салган ченемдик документтерин, кредиттер, депозиттер жана эсептик-кассалык тейлөө боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ченемдик документтерди жана нускамаларды билүү.

Милдеттери:

  • Жеке адамдардын, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин депозиттерин улуттук жана чет өлкө валюталарында ачуу жана тейлөө;
  • Жеке адамдардын, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин улуттук жана чет өлкө валюталарында эсептешүү эсептерин жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттерин ачуу жана жабуу;
  • Эсеп ачпастан акча которууларды жөнөтүү жана төлөө;
  • Акча каражаттарын кассада кабыл алуу, берүү, эсепке алуу жана сактоо боюнча операцияларды алардын сакталышын камсыз кылган эрежелерди милдеттүү түрдө сактоо менен жүзөгө ашыруу;
  • Эсеп ачуу, банк карттарын чыгаруу жана тейлөө;
  • Кардарлардын досьесин түзүү жана сактоо, бардык банктык продукттар боюнча кардарларга кеңеш берүү;
  • Банктын филиалынын кардарларын сапаттуу операциялык тейлөө;
  • Банктын филиалынын кардарларына өткөрүлүп жаткан акциялар жана атайын шарттар боюнча маалымдоо.

Шарттары:

  • КР Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
  • Карьералык өсүш жана окутуу;
  • Достук маанайдагы жагымдуу атмосфера.

Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр

Банк, аңгемелешүүгө ылайык деп тапкан талапкерлерди чакыруу укугун өзүндө калтырат.

Анкета толтуруу

Бaардык бош орундарды көрүү

close