Чакан жана орто ишкердик субъектилерине жеңилдетилген кредит берүү
Керемет Банк" ААКсы өздөрүнүн кардарлары үчүн КР Финансы министрлигинин "Субсидияланган пайыздык чендер менен жеңилдетилген кредит берүү" долбоорунун алкагында чакан жана орто ишкердик субъектилер үчүн каржылоону сунуштайт.
Кредиттик продуктусу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин долбоорунун алкагындагы "Чакан жана орто ишкердик субъектилерине жеңилдетилген кредит берүү"
Ким кредит ала алат?
20 жаштан 65 жашка чейинки жеке ишкерлер (кредитти толук төлөө учурунда) жана кредит алууга арыз бергенге чейин кеминде 6 ай (үзгүлтүксүз) туруктуу бизнеси бар юридикалык жактар.
Каржылоонун артыкчылык багыттары:
тамеки буюмдарын кошпогондо, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү;
тигүү жана текстиль өндүрүшү, бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын өндүрүү;
жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү жана кайра иштетүү, полиграфиялык басма иштери;
химиялык продукцияларды өндүрүү жана кайра иштетүү;
фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү;
желин жана пластмасса буюмдарын, металл эмес башка минералдык продуктыларды өндүрүү жана кайра иштетүү;
даяр металл буюмдарын өндүрүү;
компьютерлерди, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү;
электр жабдууларын өндүрүү;
курулуш материалдарын өндүрүү жана кайра иштетүү;
өндүрүштүн башка түрлөрү, ошондой эле машина жана жабдууларды оңдоо жана орнотуу;
туризм жана ага байланыштуу кызматтар (конок үйлөр, этно жана экотуризм, транспорттук жана туристтик кызматтар);
кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк;
билим берүү, анын ичинде мектепке чейинки жана мектеп мекемелери;
кол өнөрчүлүк буюмдары;
стартап долбоорлор;
калкка медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүү;
экспортко багытталган иш-аракеттер;
IT сектору жана инновациялар (санариптик кызматтар, финтех);
жаңы технологиялык линияны, өндүрүш жабдууларын, өнөр жай машиналарын, өнөр жай транспорт каражаттарын, анын ичинде жүктөө-түшүрүү жабдууларын, толтуруу жана таңгактоо жабдууларын сатып алуу;
иш жүзүндөгү ишмердүүлүктү жүргүзбөгөн жаңы долбоорлор үчүн кыймылсыз мүлктү жана жер тилкелерин сатып алуу укугусуз, ошондой эле иштеп жаткан өндүрүш объектисин кеңейтүү, модернизациялоо же кубаттуулугун жогорулатуу үчүн гана кыймылсыз мүлктү (өнөр жай имараттарын, жайларды жана курулмаларды) сатып алуу ;
бизнести кеңейтүү же бизнести бир юрисдикциядан экинчисине көчүрүү максатында өндүрүш имараттарын куруу.
Кредиттөө валютасы
Кыргыз сому
Пайыздык чен
Тигүү тармагындагы субъекттер үчүн - жылына 0%;
Башка бардык юридикалык жактар үчүн - жылына 6%.
Кредиттин аракеттеги мөөнөтү
60 айга чейин
Кредиттин суммасы*
50 000 000 сомго чейин;
Камсыздоо
"Керемет Банк" ААКда "Кепилдик Фонду" ААКнын кепилдиги менен камсыздалган
кыймылсыз мүлк жана кепилге таянып
кредиттерди берүү Тартибинин талаптарына ылайык,
"Кепилдик Фонду" ААКдан кепил боло алат.
Кредитти төлөө шарттары
Ай сайын берилүүчү аннуитеттик төлөмдөр менен;
Квартал сайын;
Ийкемдүү график (эгерде бизнес сезондук болсо, ай сайын жекече төлөм графигин түзүүгө болот);
Банктын Кредиттик комитетинин чечими менен жеңилдетилген мөөнөт берилиши мүмкүн.
*КРнын тигүү өнөр жайындагы иштеп жаткан бизнеси бар субъекттер үчүн кредиттин максималдуу суммасы 100 000 000 сомго чейин.*