LexisNexis Risk Solutions компания менен кызматташуу

LexisNexis Risk Solutions компания менен кызматташуу

Банктагы комплаенс процесстерди жакшыртуу жана эл аралык нормаларга ылайык келтирүү максатында «Керемет Банк» ААК 2022-жылдын 01-ноябрынан тартып дүйнөдөгү эң ири compliance провайдер - LexisNexis Risk Solutions компаниясы менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койгон.

LexisNexis Risk Solutions ПОД/ФТ тармагында 40 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Дүйнө жүзүндөгү ири 10 банктын жетөө скрининг үчүн LNRS чечимин пайдаланышат. Дүйнөдөгү транзакциялардын көпчүлүгү дал ушул компаниянын фильтри аркылуу өтөт. ПОД/ФТ тармагындагы эл аралык талаптарды сактоо үчүн LNRS уникалдуу чечимдерди сунуш кылат, алар бүткүл дүйнө жүзүндө ийгиликтүү колдонулуп келе жатат. LexisNexis Risk Solutions компаниясы менен кызматташуу «Керемет Банк» ААКсына төмөнкү маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзам талапарын сактоо боюнча (БУУнун жана ыйгарымдуу органдын тизмеси боюнча текшерүү),
  • Банктын комплаенс процесстерин эл аралык нормаларга жана дүйнөлүк банк-корреспонденттер тобунун нормаларына жана талаптарына ылайык келтирүү,
  • Санкцияга кабылышкан адамдардын төлөмдөрүн жана санкцияланган аймактар же банкттар менен байланышкан төлөмдөрдү аныктоо, ошондой эле 50%+ эрежеси боюнча адамдарды аныктоо боюнча (санкциялык тизмеге кирип, бирок АКШнын, Европалык бирликтин, Улуу Британиянын жана башка өлкөлөрдүн расмий тизмесинде жок адамдардын туундуу компаниялары)

close