Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бербаев Тимур Өмүрбековичти «Банк системасынын отличниги» медалы менен сыйлады

10 бугу 2024

Бүгүн 2024-жылдын 10-майында «Банк кызматкерлеринин күнү» майрамынын урматына жана Кыргыз Республикасынын банк системасынын өнүгүүсүнө кошкон олутуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын төрагасы Бөкөнтаев Кубанычбек Кеңешович «Керемет Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бербаев Тимур Өмүрбековичти Банк системасынын отличниги» медалы менен сыйлады.

Белгилей кетчү нерсе, «Банк системасынын отличниги» наамы өлкөнүн банк системасына кошкон өзгөчө салымы жана жана жогорку жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ыйгарылат.

Т.Ө. Бербаев банк тармагында жыйырма жылдан ашык тажрыйбага ээ жана 2022-жылдын 1-мартынан тартып «Керемет Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары, ал эми ошол эле жылдын 1-июлунан тартып Банк башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

Т.Ө. Бербаевдин жетекчилиги алдында «Керемет Банк» алдыңкы каржылык-кредиттик мекемелердин катарына кирип, негизги каржылык көрсөткүчтөр боюнча олуттуу натыйжаларды көрсөтө алды. Бүгүнкү күнү Банк заманбап банктык технологияларды киргизүү менен динамикалык түрдө өнүгүүдө жана банктык өндүрүмдөр менен кызматтардын спектрин кеңейтүү аркылуу кардарлардын жогорку талаптарына жооп берүү аракетин көрүүдө. «Керемет Банк» белгиленген бардык экономикалык ченемдерди сактап келе жатат жана туруктуу, ишенимдүү каржылык институт болуп саналат. 

«Керемет Банк» ААК эмгек жамааты Тимура Өмүрбековичти бул жогорку сыйлыгы менен чын ыкластан куттуктайт жана үй-бүлөлүк бакубат турмуш каалап, жаңы профессионалдык ийгиликтерди багындыра берүүсүнө тилектеш экендигин билдирет!


close