Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

10 бугу 2024

2024-жылдын 8-майында «Керемет Банк» ААК кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйүнө барып Улуу жеңиш күнү менен куттуктап, тамак-аш азыктарын тартуулап келишти.

Банк жетекчилиги Мекенди коргогон жана кезегинде элдин келечеги үчүн кайратуулук менен согушуп келген ардагерлерге терең ыраазычылык билдирип, ар дайым урмат-сыйдын үстүндө болууларын тилек кылды.

Тагыраак айтканда, «Керемет Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Р. Султанов: «Биз немистик баскынчыларга кайратуулук менен каршы турушкан  согуштун жана ооруктун ардагерлерине терең ыраазычылык билдиребиз. Албетте, сиздердин андагы эрдигиңиздер эч качан элибиздин эсинен кетпейт. Биз, бүгүнкү ачык асман, бакубат турмуш үчүн өз өмүрүн аябай, кан күйгөн согушта курман болушкан ар бир жоокердин элесине жана сиздерге ийлип таазим этебиз. Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен! – деп ардагерлерге куттуктоо сөзүн айтып жатты.


close