Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК кызматкерлери Ысык-Көл марафонуна катышышты

7 бугу 2024

«Керемет Банк» ачык акционердик коомунун кызматкерлери 2024-жылдын 4-майында Ысык-Көл облусунда өткөн Эл аралык «Run the Silk Road — Shanghai Cooperation Organization» марафонуна катышып келишти.

Аралыкка чуркоо боюнча аталган марафондун катышуучуларынын алдына КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Эдил Байсалов чыгып куттуктоо сөз сүйлөдү. 

Бул спорттук иш-чаранын уюштуруучусу болуп «Эл аралык марафон дирекциясы» Коомдук бирикмеси, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КРнын Жеңил атлетика федерациясы саналат. Аталган мелдеш Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын территориясында болуп өткөн.

Аталган мелдешке «Керемет Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Султанов жана Банк башкармалыгынын мүчөсү-башкы бухгалтер Гүлмира Токтогожоевалар дагы катышып 3 10 жана 21 км аралыкты багындырышты.

Белгилей кетчү нерсе Банктын болжол менен отуздай кызматкери аралыкка чуркоо боюнча машыгууларга барышат. Алардын бул өңдүү машыгуулар жана башка мелдештер менен байланышкан чыгымдары «Керемет Банк» ААК тарабынан каржыланат. Мисалы, бул өңдүү спорттук иш-чаралардын акыркысы болуп апрель айында болуп өткөн «Жаз деми – 2024» саналат.


close