Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК «Акниет» балдар борборуна эмерек, техника жана килемдерди өткөрүп берди

26 жалган куран 2024

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому 2024-жылдын 25-мартында Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин «Акниет» балдар борборундагы ата-энелердин камкордугунан ажырашкан жана турмуштук оор кырдаалда калышкан балдар үчүн мурда колдонулган эмеректерди, техника жана килемдерди белек кылды.

Банктын башкы кеңсеси аталган социалдык мекемеге телевизорлорду, килемдерди, ошондой эле шкафтарды, столдорду, стул жана башка нерселерди жеткирип берди.

2024-жылдын январь айында дагы «Керемет Банк» ААК «Акниет» балдар борборунун администрациясынын өтүнүчү боюнча Банктын «Бишкек» бөлүмүнөн эмерек, кеңсе буюмдарын ошондой эле кызматкерлер тарабынан чогултулган жана мурда колдонуудан өткөн балдардын кийим-кечектерин жеткирип берген.

«Акниет» балдар борборунун директору Мукарам Атамырзаева аталган жардам үчүн банкка ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, «Акниет» балдар борбору ата-эненин камкордугунан ажыраган балдарга социалдык, медициналык жана психологиялык-педагогикалык кызматтарды көрсөтүп келет. Бүгүнкү күнү аталган мекемеде 3 жаштан 18 жашка чейинки 37 бала тарбияланууда. Алардын көпчүлүгүнүн ата-энелери балдарга тарбия берүү укугунан ажыратылгандар же эркинен ажыратылгандар болуп саналат.

КРУБдун №049 лицензиясы

close