Жаңылыктар

«Керемет Банк» ата-энелердин камкордугунан ажыраган балдардын каржылык сабатын жогорулатуу боюнча сабак өткөрдү

26 жалган куран 2024

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому 2024-жылдын 25-мартында Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Акниет» балдарды тарбиялоо борборунда тарбияланып жатышкан жана турмуш-шарты оор балдар үчүн каржылык сабаттуулук боюнча сабак өттү.

Аталган иш-чара Глобалдуу акча жумалыгына байланыштуу каржы уюмунун демилгеси жана жогоруда аты аталган балдар борборунун директору Мукарам Атамырзаеванын уруксаты менен уюштурулган. Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп жашындагы балдар «Керемет Банктын»  PR-менеджеринин акчаны кантип туура сактоо, кантип үнөмдүү сарптоо керектиги тууралуу баяндамасына күбө болушуп, табышмак айтышуу, викторина  өңдүү оюн-зоокторго катышып, финансы каражаттары тууралуу билгендери менен бөлүшүп, банктан келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.

close