Жаңылыктар

«Керемет Банк» кызматкерлердин балдары үчүн КРУБдун Нумизматикалык борборуна экскурсия уюштурду

20 жалган куран 2024

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому өз кызматкерлеринин балдары үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нумизматикалык музейине экскурсия уюштурду. 2024-жылдын 19-мартында Бишкек шаарында болуп өткөн бул иш-чарага мектеп жашындагы балдар, алардын ата-энелери, ошондой эле жооптуу кызматкерлер катышты.

Экскурсия учурунда КРУБдун Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси Анара Сабыр кызы Кыргызстандын жана дүйнө жүзүнүнүн экспозицияга коюлган акча белгилерин көрсөтүп, акча, ошондой эле улуттук валютанын пайда болуусу тууралуу кызыктуу фактылар жөнүндө айтып берди. Визит интерактивдүү форматта өткөрүлдү: экскурсиянын коноктору акча, аманат, кыргыз сому тууралуу өз ойлорун ортого салышса, экскурсиянын кичинекей катышуучулары: “Акча топтоо боюнча тажрыйбаңар барбы, ата-энелерге кантип жана эмне үчүн жардам бересиңер?” – деген кыядагы суроолорго кызыктуу жооп узатып жатышты. Ошентип, аталган иш-чара өсүп келе жаткан муундун каржылык билимин жогорулатууга салым кошту.

Акциянын жүрүшүндө коноктор китептер, блокноттор менен бирге өлкөнүн башкы банкынын коллекциялык маркаларына, ал эми «Керемет Банктан» акча чогултуучу кутуларга ээ болушту.

Бул экскурсия 18-марттан тартып 24-мартка чейин КР Улуттук банкынын жетекчилиги алдында өтүп жаткан Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында уюштурулуп, өткөрүлдү.

close